Түркия Ирак элине колдоо көрсөтүүнү улантат

Министр Чавушоглу, Начирван жана Месрур Барзани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1338424
Түркия Ирак элине колдоо көрсөтүүнү улантат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ирактын аймактык күрт башкаруусунун жетекчилерине, Түркиянын Ирак элине колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Министр Чавушоглу, Ирактын аймактык күрт башкаруусунун башчысы Начирван Барзани жана премьер-министр Месрур Барзани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Түркиянын оор күндөрдө Ирак элинин жанында болгонун белгилеген Чавушоглу, ирактыктарга колдоо көрсөтүүнү уланта турганын баса белгиледи.

Чавушоглу кечээ борбор шаар Багдадга жасаган бир күндүк сапарынын алдыда дагы Начирван жана Месрур Барзани менен телефон аркылуу байланышып, маалымат берген эле.



Тектеш кабарлар