Стамбулда Килйос отурукташуу жеринде танкер менен балыкчы кемеси кагылышты
Кагылышууда 3 киши куткарылып, жоголгон 3 кишини издөө иши жүргүзүлүүдө.
Стамблдун Килйос отурукташуусуна жакын жерде кагылышкан Россия желектүү танкер менен балыкчы кемесиндеги 3 киши куткарылып, жоголгон 3 кишини издөө иши жүргүзүлүүдө.
Жээк коопсуздук командирлигинен берилген маалыматта Түркия убактысы боюнча саат 06:30да Стамбул кысыгынын түндүк - батышына 5 милдик аралыкта Россиядан Измирге бара жаткан Россия желектүү бир танкер менен түрк желектүү трал кемесинин кагылышкандыгы билдирилди.
Кырсыкта кеменин чөккөндүгү, 3 кишинин аймактагы балыкчылар тарабынан кутарылгандыгы билдирилип, окуя болгон жерге жээк коопсуздук парому жана бир коопсуздук тик учарынын баргандыгы маалымдалды.
Берилген маалыматта : «Жоголгондугу билдирилген 3 кишини табуу үчүн Жээк копсуздук боюнча башкы директорлугуна таандык кеме да катышкан куткаруу иштери улантылууда»,- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.