Түркия Перуга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

1337909
Түркия Перуга көңүл айтты

Түркия Түштүк Америка өлкөсү Перуга катуу жааган жамгырлар себеп болгон селден каза тапкандарга байланыштуу көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Перуда нөшөрлөп жааган жамгырлар алып келген сел жана жер көчкүлөрдүн кыйратуучу кесепети терең кайгыга салгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө: «Апааттарда жаракат алгандардын тезирээк сайып кетишин каалап, каза тапкандардын жакындарына жана перу эли менен өкмөтүнө чын дилден көңүл айтабыз»,-делди.

Перуда катуу жааган жамгырлардын себебинен айрым аймактарда сел жүрүп анын кесепетинен 28 адам каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар