Түркия Израилдин Батыш Шериада жаңы турак жай курууну бекитишине каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги Израилдин мыйзамсыз ишке ашыруулары менен Палестин калкынын мыйзамдарын тебелөөнү уланткандыгын билдирди.

1337981
Түркия  Израилдин  Батыш Шериада жаңы турак жай курууну бекитишине каршылык көрсөттү

Түркия Израилдин Батыш Шериада жаңы турак жайдын курулушун бекитишине каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлиги Батыш Шериадагы мыйзам тышы еврей отурукташуу жерлеринде жаңы турак жайлардын курулушун бекитиши жана Израилдин мыйзамсыз ишке ашыруулары менен Палестин калкынын мыйзамдарын тебелөөнү уланткандыгын билдирди.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Басып алынган Палестин жерлериндеги мыйзам тышы отурукташуу жерлеринде 2 миңге жакын жаңы турак жайдын курулушун бекитиши Израилдин мыйзам тааныбаган  кыймылынын акыркы үлгүсү»,- деп билдирилди.

Израилдин «арзан ички саясий эсептер менен Палестинде кылган кылмыштарына күн өткөн сайын жаңысын кошкондугу» баса белгиленген маалыматта : «Палестин тууралуу эл аралык коомчулуктун жоопкерчилигин жокко чыгарууну көнүмүш адатка айландырган Израиль мыйзамга баш ийбеген кыймылдары менен Палестин калкынын мыйзамдарын тебелеп  - тепсөөнү улантууда»,- деп билдирилди. Ошондой эле Израилдин эки мамлекеттүү чечүүчү жол преспективасынын алдындагы эң чоң тоскоолдук болгон мыйзам тышы отурукташуу жерлерин кеңейтүү саясаты эртерээк акырына чыгарылышы керектиги белгиленди.



Тектеш кабарлар