«Түрк агымы» газ куурунун ачылышында Эрдоган менен Путин сөз сүйлөдү

Орус газын Түркияга жана Европага жеткире турган «Түрк агымы» газ куурунун ачылышы бүгүн Стамбулда өткөрүлдү.

1337292
«Түрк агымы» газ куурунун ачылышында Эрдоган менен Путин сөз сүйлөдү
erdogan Turkakim.jpg
putin-erdogan Turkakim.jpg
putin-erdogan Turkakim1.jpg
Türkakim acilis.jpg
putin Turkakim.jpg

Орусиянын жаратылыш газын Түркияга жана Түркия аркылуу Европага жеткире турган «Түрк агымы» газ куурунун ачылышы бүгүн Стамбулда өткөрүлдү.

Халич конгресс борборундагы ачылыш аземине президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Сербиянын президенти Александр Вучич жана Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов катышты.

«Түрк агымы» газ кууру долбоорунун таанытуу видеосу көргөзүлүп башталган ачылышта президент Эрдоган сөз сүйлөп, «Түрк агымынын» орусиялык достор менен чоң эмгек жумшалган, ошондой эле эки тараптуу алакалар жана энергетикалык карта жагынан тарыхый мүнөздөгү долбоор экенин айтты.

Быйылкы жылдын ичинде максатталгандай түрдө түтүк жолду ийгиликтүү салып бүткөндөрүн айткан Эрдоган, долбоордун негизинде 31,5 миллиард куб метр газдын 15,75 миллиард куб метри түздөн-түз Түркияга жеткириле турганын билдирди.

Орусия менен энергетика тармагындагы кызматташуунун ар түрдүү сыноодон берки тармактарда болгондой эле ийгиликтүү өткөнүн айткан Эрдоган, Орусия менен эки тараптуу соода-сатыкта туруктуу өсүү камсыздалганын кабарлады.

Президент Эрдоган аймактагы кырдаалга байланыштуу да: «Түркия катары аймактагы чыңалуунун күчөшүн каалабайбыз»,-деди.

Эрдоган Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркия четтетилген эч бир долбоордун экономикалык, юридикалык, дипломатиялык жактан ишке ашуу мүмкүнчүлүгү болбогонун баса белгиледи.

Иран-АКШ чыңалуусуна да токтолгон Эрдоган: «Согуш барабандары кагылган ушул орчундуу процессте дипломатиянын баардык каналдарын пайдаланып, чыңалууну басаңдатууга аракет кылып жатабыз»,-деп айтты.

Эч кимдин өз кызыкчылыктары үчүн Ирак менен катар баардык аймакты жаңы баш аламандыкка түртүүгө укугу жок экенин баса белгилеген президент: «Колубуздагы баардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып аймагыбыздын кан жана көз жашына айланышына уруксат бербейбиз»,-деди.

Орусиянын президенти Путин да сөз сүйлөөсүндө, өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы кызматташуунун, бөгөт болуу аракеттерине карабастан баардык тармакта өнүгүп жатканын белгилеп, орус газынын Түркия аркылуу Европага жеткирилишинин бүтүндөй Европанын экономикасына салым кошооорун айтты.

Путин: «Бул аймакта чыңалууну курчутууга карата аракеттер бар. Түркия менен Орусия болсо аймактын тынчтыгынын камсыздалышына далалат кылууда»,-деп кошумчалады.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин «Түрк агымы» газ куурунун символдук клапан ачылышы ишке ашты.

 



Тектеш кабарлар