Фуат Октай Түркиянын Ливия уруксаты тууралуу оюндарды бузарын айтты

Вице – президент Фуат Октай Түркия Улуттук Парламентинде кабыл алынган уруксаттын Түркия жана аймак үчүн пайдалуу болушун каалады.

1334016
Фуат Октай Түркиянын  Ливия уруксаты тууралуу оюндарды бузарын айтты

Вице – президент Фуат Октай Ливия уруксаты тууралуу аймакта ойнолгон оюндарды бузууну, Түркиянын укук жана кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди.

Фуат Октай твиттерден берген маалыматында Ливияга аскер жиберүүгө уруксат берген жана кечээ Түркия Улуттук Парламентинде кабыл алынган уруксаттын Түркия жана аймак үчүн пайдалуу болушун каалады.

Өкмөттүн Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги ар бир кадамын кенен жана белгилүү бир стратегия менен пландын негизинде таштагандыгын баса белгилеген Октай буларды билдирди : «Ливия уруксаты менен аймакта ойнолгон оюндарды бузууну, өлкөбүздүн  укук жана кызыкчылыктарын коргоону улантабыз. Ливиянын жеринин бүтүндүгүн жактаган Түркиянын максаты БУУнун негизиндеги мыйзамдуу өкмөттүн чакыруусуна колдоо берүү жана аймактын тынчтыгына кызмат  кылуу. Бул уруксаттын кабыл алынышы менен Ливияда кол салуучу мамилелерди уланткандар керектүү билдирүүнү алышат деп ойлойм».

 



Тектеш кабарлар