Эрдоган: «Түркиянын автомобили үчүн буюртмаларды ала баштадык»

Президент Эрдоган, Бештепедеги Миллет конгресс жана маданият борборундагы аземде сөз сүйлөдү.

1331967
Эрдоган: «Түркиянын автомобили үчүн буюртмаларды ала баштадык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын жергиликтүү автомобилине карата буюртмаларды ала баштагандарын белгиледи.

Президент Эрдоган, Бештепедеги Миллет конгресс жана маданият борборунда ТҮБИТАК жана ТҮБА илимий сыйлыктарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөз сүйлөөсүндө: «Эми жаңы технологиялардын рыногу гана болбостон, бул технологияларды өндүргөн, бүткүл дүйнөгө жайган жана өзү киргизген стандарттарды кабыл алдырган өлкөгө айландырабыз»,-деди.

«Улутубуз, Түркиянын автомобилине чын дилден колдоо көрсөттү, буюртмаларды ала баштадык» деген Эрдоган: «Бул долбоор, өлкөбүз үчүн авто унаа чыгаруудан тышкары башкача көз карашка эгедер»,-деп айтты.

Эрдоган Түркиянын 2020-жылы Европа Биримдигине төлөй турчу орто эсеп менен 80 миллион евролук салымдын, Түркиядагы изилдөөчүлөр үчүн пайдаланыла тургандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар