Түркиянын алгачкы электромобилине дүйнө жүзү суктанууда

Түркиянын алгачкы электромобилин таанытуу иш-чарасына президент Эрдоган катышты.

1331160
Түркиянын алгачкы электромобилине дүйнө жүзү суктанууда

Түркиянын алгачкы электромобилине дүйнө жүзү сереп салууда...

Кечээ Кожаелинин Гебзе районунда таанытылышы жасалган Түркиянын алгачкы электромобили дүйнөлүк басма сөздө жана социалдык медиада күн тартиптин биринчи орунуна олтурду.

Дүйнө жүзүндө «trend topic» болгон Түркиянын электромобили #Yerlioto хештеги менен дүйнөлүк күн тартипте орун алды.

Түркиянын электромобили туурасында абдан кыска мөөнөттүн ичинде 100 миңден ашык твиит алды.

Рейтерс маалымат агенттиги бул кабарды «Түркия алгачкы жергиликтүү электромобилин таанытты» темасы менен берди.

3,7 миллиард доллардык долбоордун өлкөнүн өсүп бара жаткан экономикасынын көрсөткүчү катары президент Режеп Таййип Эрдоган жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) көптөн бери көздөгөнү экени белгиленди.

Англиянын «Daily Mail» гезити Түркиянын электромобилинин Американын электромобиль өндүрүүчүсү Tesla менен атаандаш боло турганын баса белгиледи.

Гезит кабарды «Президент Эрдоган Тесланы кызгандыра турган TOGG прототибин сунуштады» темасы менен берди.

Bloomberg берген маалыматында болсо «Түркия 3,7 миллиард доллардык алгачкы жергиликтүү автомобиль долбоорун таанытты» темасы менен орун алды.

«Ал Жазира» да «Түркия алгачкы жергиликтүү электромобилин таанытты» деген теманы коюп президент Эрдогандын сөздөрүнө орун берди.

Кабарда Эрдогандын Түркиянын автомобилин бир гана өлкө ичинде сатып эле калбастан, бир эле учурда Европадан баштап глобалдык марка болушун каалаганын айтканы белгиленди.



Тектеш кабарлар