Түркиянын 60 жылдык кыялдануусу орундалды
Түркия өзгөчөлөнгөн унаасын чыгарды.
Түркиянын автомобилин демилгелөө тобу (TOGG) 2022-жылы өндүрүшүн баштай турган жергиликтүү авто унаа, Кожаели облусунун Гебзе районунда президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан салтанатуу азем менен таанытылды.
Президент Эрдоган бул жердеги сөз сүйлөөсүндө: «Бүгүн өлкөбүз үчүн тарыхый күн болуп саналат. Түркиянын 60 жылдык түшүнүн чындыкка айланганына күбө болуудабыз»,-деди.
100дөн ашуун түрк инженери түндү күндүзгө кошуп эмгектенгенин түшүндүргөн Эрдоган: «Кыялдануубуз дизайнерлер жана инженерлердин аракеттери менен жуурулушкан, улуттук технологиялар менен өндүрүлгөн, дүйнөгө атагыбызды чыгара турган авто унаага ээ болдук»,-деп айтты.
Эрдоган Түркиянын эми жаңы технологиялардын рыногу гана эмес, өндүргөн, экспорттогон өлкөгө айланганын баса белгиледи.
Жергиликтүү авто унааны чыгаруучу заводдун Бурса шаарына курула турганын билдирген президент Эрдоган буларды айтты: «Биздин унаа экологияны эч булгабайт. Жергиликтүү унаа эч кимден лицензия албайт, ар түрдүү техникалык өзгөчөлүгүн өзүбүз белгилейбиз. Оюндун эрежелерин эми биз өзүбүз түзөбүз».
2022-жылы Түркияда баардык заряддоо системасынын да даяр болоорун билдирген Эрдоган, буга окшогон унааларга караганда ичи кенен, эң жогорку жөндөмдүү жана эң ыңгайлуу баадагы унааны чыгара тургандарын белгилеп: «Биз дүйнөлүк бренд болууга аракет кылып жатабыз. Сериалуу өндүрүшкө өткөнүбүздө, Европанын классик болбогон, түздөн-түз электрдүү алгачкы жана жалгыз SUV үлгүсүнө ээ болобуз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.