Түркиянын эскертүүсү

АК партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик маалымат берди.

1328457
Түркиянын эскертүүсү

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик: «Мындан кийин качкындар маселеси Түркияга караганда көбүрөөк шериктештерибиздин маселесине, Европанын маселесине айланаарын ачык түрдө айтып жатабыз»,-деди.

Өмер Челик өткөргөн маалымат жыйында күн тартипке сереп салды.

Сирия режиминин Идлибде инфраструктураны жана жарандарды бутага алып жаткандыгына тынчсыздангандарын баса белгилеген Челик буларга токтолду: «Кайрадан качкындардын агымы козголду. Мындан кийин Түркия бул качкындар агымын жалгыз өзү кабыл ала албайт. Мындан кийин Түркиянын бул жерде президентибиз тарабынан айтылган «коопсуз аймак» түзүлүүсү, ушул коопсуз аймакка адамдар кайта ала турчу турак үйлөрдүн курулуусу сыяктуу саясаттарына колдоо көрсөтүлбөсө, анда  качкындар маселесин кимдир бирөөлөр Түркиянын маселеси сыяктуу көрсөтүү саясатынын толугу менен аяктай турганын, мындан ары качкындар маселеси Түркияга караганда көбүрөөк Европанын маселесине, шериктештерибиздин маселесине айлана турганын ачык түрдө айтып жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар