Дагы төрт террорист багынып берди

Террордук уюм ПККдан качуулар ылдамдады.

1327856
Дагы төрт террорист багынып берди

Террордук уюм ПКК/КЖКга мүчө 4 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн ичинде жана тышында террор менен күрөшүүгө карата жүргүзүлгөн операциялардын негизинде физиологиялык, идеологиялык жана моралдык жактан жабыркаган уюмдун таркоосу ылдамдады.

Операцияларга үй-бүлөлөрдүн колдоосу менен жүргүзүлгөн көндүрүү аракеттери да кошулганда уюмдан багынып бергендердин саны акыркы жылдарга салыштырмалуу көбөйдү.

Ушул алкакта ПКК/КЖКга мүчө 3 террорист, ал эми коопсуздук жана жандармерия кызматкерлеринин көндүрүү иштеринин негизинде болсо 1 террорист уюмдан качып Шырнакта коопсуз күчтөрүнө багынып берди.

Бир тараптан 2019-жылы көндүрүү жолу менен коопсуздук күчтөрүнө баш калкалаган террористтердин саны 260ка жеткендиги кабарланды.  



Тектеш кабарлар