Европада лидер маселеси болуп жатат

Эрдоган, борбор шаар Анкарадагы Билкент университетинде Дүйнөлүк адам укуктары күнүнүн алкагында уюштурулган «Ар бир адам өзүнчө бир дүйнө» темалуу программада сөз сүйлөдү.

1321173
Европада лидер маселеси болуп жатат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ливия талап кылган учурунда бул өлкөгө аскер жөнөтө тургандарын айтты.

Эрдоган, борбор шаар Анкарадагы Билкент университетинде Дүйнөлүк адам укуктары күнүнүн алкагында уюштурулган «Ар бир адам өзүнчө бир дүйнө» темалуу программада сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Түркия менен Ливиянын ортосунда 27-ноябрда кол коюлган «Деңиздеги ыйгарым укук аянттарына чек коюулушу» тууралуу меморандумга токтолгон Эрдоган: «Эгерде Ливия бизден аскер талап кылса жетиштүү деңгээлде эмне керек болсо жөнөтөбүз»,-деди.

Европада лидер маселеси болуп жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Европада ушул тапта олуттуу түрдө лидер кризиси, боштугу бар. Европада ушул лидер үлгү боло алат» деп айткыдай эр жүрөктүүлүктү таба албай жатам»,-деди.

Сөзүндө АКШнын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин туурасындагы көз караштарын да сөз кылган Эрдоган: «(АКШнын президенти Трамп) Жашыруун күн тартиби жок. Эмнени билсе абдан ачык жана так айтат. Мага дагы абдан ачык айтат, мен дагы ага абдан ачык айтамын. Путин менен да жашыруун күн тартибибиз жок. Бири-бирибизге карата абдан ачык жана так кадамдарды таштоодобуз. Аймакта тынчтыкты бирге камсыздайбыз деп ишенемин»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Сириядан качан чыгасыңар деп сурап жатышат. Сиз качан чыксаңыз, биз террористтерди качан тазалап бүтсөк ошондо чыгабыз»,-деди.

Европа Биримдигинин мүчөлүк темасында Түркияга тоскоолдуктарды жаратып жатканына токтолгон Эрдоган: «Мындай деп жатышат; «Сиздин калкыңыздын саны абдан көп». Чындыгында чыныгы себеп бул эмес.Чыныгы себеп биз Мусулманбыз»,-деди.

Президент Эрдоган, бир күнү өзүнө Нобель Тынчтык сыйлыгы берилген учурунда муну албай турганын белгилеп, «Нобель өзүн башка жакка сарптап койду. Нобель саясий, идеолгиялык мамиле кылган уюмга айланды. Мен үчүн Нобелдин эч кандай баалуулугу калган жок. Түркия катары бул аземге эч качан катышпайбыз. Ушундай канкорду сыйлыктандыруу залим менен бирге кыймыл кылуу болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар