Эки аскер шейит болду

Террористтерге мыйзамдуу коргонуунун алкагында керектүү жооптун кайтарылгандыгы билдирилди.

1316428
Эки аскер шейит болду

«Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта бир аскер жана «Чеңгел-3» операциясында да бир аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинин маалыматында, «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта террористтер тарабынан атылган минометтун огунан оор жаракат алган аскердин жеткирилген ооруканада баардык аракеттерге карабастан шейит түшкөндүгү белгиленди.

Мыйзамдуу коргонуунун алкагында керектүү жооптун кайтарылгандыгы билдирилген маалыматта, аймакта аныкталган бутардын жок кылынгандыгы маалымдалды.

Ирактын түндүгүндө уланып жаткан «Чеңгел-3» операциясында да ПКК террористтери менен болгон атышууларда бир аскердин шейит түшкөнү жана жараланган бир аскердин ооруканага жеткирилгендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар