Чавушоглу ИКУда сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сауд Арабиянын Жидде шаарында болгон Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) негизделишинин 50 жылдык маараке жыйынында, Түркия жана мүчөсү болгон Азия тобунун атынан сөз сүйлөдү.

1312903
Чавушоглу ИКУда сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Газа көчөлөрүндө эркиндиги жана намысы үчүн баскан бир баладан тартып Кудстун басылып алынышы тууралуу жикчилдик жана адамкерчиликке жатпаган изоляцияга каршы туруштук берген бардык жигит эркек жана аял палестиндерге салам беремин. Үнүңүздү угуудабыз, миллиондогон мусулман сиздер менен»,-деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу, Сауд Арабиянын Жидде шаарында болгон Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) негизделишинин 50 жылдык маараке жыйынында, Түркия жана мүчөсү болгон Азия тобунун атынан сөз сүйлөдү.

Чавушоглу, Кудстун статусу жана палестиндердин укуктарынын корголушуна карай БУУнун башкы ассамблеясынын атайын чукул отурумдарга чогулуусунун ийгиликке жетишилген так натыйжалардын арасында орун алганын кеп кылып, «Аракандыктар, кашмирдиктер, уйгурлар, кипрдик түрктөр, батыш фракиялыктар, Түндүк Америка жана Европадагы мусулмандарды да камтыган Мусулман калктардын, азчылыктардын жана коомчулукатардын сезимталдыгын жана укуктарын бардык жерде коргоо уюмубуздун милдети болуп саналат»,-деди.

Чавушоглу, Түркиянын бул күрөштөрдү координациялоо үчүн ИКУнун курамында активдүү экенин жана үнүн бийик чыгарганын белгилеп, «Мусулман азчылыктар жана коомчулуктардын корголушу жана исламофобияга каршы күрөшүү, Түркия жана азиялык мүчөлөрдүн чоң маани берген бири-бирине байланышкан эки маселе»,-деди.

ИКУнун кезектеги төрагасы Сауд Арабияга кызмат мөөнөтү убагында ийгиликтерди каалаган Чавушоглу, сөзүн «Бир күнү эгемендүү жана көз карандысыз Палестинада, Кудс шаарында, уюмдарыбыздын алдыдагы жылда мааракелерин белгилөө үчүн бардыгыбыз жолуга турган күн үчүн Аллага дуба кылуудамын»,-деп бүтүрдү.

Түркия, 2016-жылы апрелде Египеттен алган ИКУнун кезектешкен төрагалыгын 2019-жылы май айында Сауд Арабияга өткөрүп берген.



Тектеш кабарлар