Нидерландиялык эки террорист депортацияланды

Чет элдик террористтерди өлкөлөрүнө тапшыруу иштери уланып жатат.

1309269
Нидерландиялык эки террорист депортацияланды

Түркия нидерландиялык 2 террористтин депортациялангандыгын билдирди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, чет элдик террористтерди өлкөлөрүнө тапшыруу ишинин уланып жатканы белгиленди.

Ушул алкакта кечээ Нидерландия улутундагы эки террористтин өлкөсүнө жөнөтүлгөндүгү билдирилди.

Бир тараптан Нидерландия прокуратурасынын жазуу түрүндөгү маалыматында, Сириядан Түркияга өткөн жана депортацияланган ДЕАШка мүчө эки аял террористтин шейшемби күнү кечинде Амстердам Схипхол аэропортунда камакка алынгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө 3 жана 4 жаштарындагы балдары болгон 25 жаштагы ДЕАШтык аялдын октябрдын аягында Нидерландиянын Анкарадагы элчилигине кайрылгандыгы, беркисинин болсо 2018-жылдын январында Түркияда камакка алынгандыгы маалымдалды. Бул эки террористтин жума күнү Роттердам сотуна жөнөтүлөөрү айтылды.

11-19-ноябрь күндөрүнүн аралыгында он немис, бир даниялык, бир англиялык, бир америкалык жана 2 нидерландиялык Түркиядан депортацияланды.

Түркиядагы артка кайтаруу борборлорунда дагы деле жалпы 944 чет өлкөлүк террорист бар.



Тектеш кабарлар