Түрк жана орус аскерлеринин күзөт иштери
Түркия менен Орусиянын аскерлери Сирияда күзөткө турушууда.
1308450
Түркия менен Орусиянын аскердик бөлүктөрүнүн сегизинчи кургактык күзөт иштери кечээ Евфраттын чыгышындагы Айн-эль-Араб аймагында ишке ашты.
Улуттук коргоо министрлигинин маалыматында: «Евфраттын чыгышындагы Айн-эль-Араб аймагында түрк-орус аскерлеринин төрттөн унаа жана учкучсуз учуучу аппараттар менен жүргүзгөн сегизинчи кургактык күзөттөрү аяктады»,-деген сөздөргө орун берилди.
Маалыматта: «Түрк жана орус аскерлеринин 10 чакырым ичкериде жана 34 чакырым алыстыктагы багытта күзөт иштери аяктады»,-делди.
Түркия менен Орусиянын аскерлери 22-октябрда Сочиде кол коюлган меморандумдун алкагында күзөт иштерин улантып жатышат.