Түркиянын асмандагы жаңы күчү

Түркиянын асмандагы жаңы күчү учуу тилкесине чыкты.

1307146
Түркиянын асмандагы жаңы күчү

Түрк куралдуу күчтөрүнүн күчүнө күч кошо турган учкучсуз учуучу согуштук учагы "Акынжы" учуу тилкесине чыкты. Акынжынын сыноо процессине байланыштуу жаңы видеолор бөлүшүлдү.

Жасалып бүтүп ангардан чыгарылган учкучсуз учуучу учак "Акынжынын" сыноо процесси уланып жатат.

«Байкар» компаниясынын техникалык директору Байрактар сыноо процессине байланыштуу жаңы видеолорду социалдык медиадан бөлүштү.

Байрактар: «Жердеги сыноолору үзгүлтүксүз уланып жатат. Баса баштады. Жакында чуркайт жана учат, дуба күтөбүз»,-деп билдирди.

Чабуул коюучу учкучсуз учуучу учак "Акынжы" өз тармагында дүйнөнүн эң жогорку технологиялык системасына ээ болот.

Бул тармакта лидер болууну максаттаган "Акынжы" жергиликтүү жана улуттук курал системалары менен жабдылат.



Тектеш кабарлар