Эрдоган:«Сиздин күрт дегениңиз болсо ПКК-ПЙД-ЙПГ. Булар террордук уюм»

Эрдоган, иш сапары менен барган АКШда президент Дональд Трамп менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларынан кийин айрым Республикачыл сенаторлор дагы катышкан жыйналыш өткөрдү.

1306084
Эрдоган:«Сиздин күрт дегениңиз болсо ПКК-ПЙД-ЙПГ. Булар террордук уюм»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен катар айрым жооптуу кызматкерлердин күрт деп айткан тобу чындыгында жикчил террордук уюм ПКК экенин баса белгиледи.

Эрдоган, иш сапары менен барган АКШда президент Дональд Трамп менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларынан кийин айрым Республикачыл сенаторлор дагы катышкан жыйналыш өткөрдү.

Эрдоган бул жерде бир суроого жооп иретинде күрттөрдү тууган катары көргөн Түркиянын эң көп күрт калкын камтыган өлкө болгонун, мурдагы АКШнын президенти Барак Обама мезгилинде Сириядан Түркияга 350 миң күрттүн көчкөнүн баса белгилеп, «Сиздин күрт дегениңиз болсо ПКК-ПЙД-ЙПГ. Булар террордук уюм»,-деди.

Президент (Трамптын мурда «генерал» деп айткан) Мазлум Кобани каймана аттуу террористтин жикчил террордук уюму ПККнын корбашчысынын асырап алган баласы экенин да маалымдады.

Эрдоган, Сирия чек арасында түзүлүүсү пландалган Коопсуз аймакка 6 айдан 2 жылга чейин1 миллион качкындын жайгаштырылуусу үчүн план/долбоордун даяр экенин баса белгиледи.

Андан соң Эрдоган менен Трамп биргелеше маалымат жыйынга өттү.



Тектеш кабарлар