"Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде артка кадам ташташын күтүү пайдасыз"

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар  кеңешинин Түркияга санкция салуу  чечимине тышкы иштер министрлиги катуу каршы чыкты.

1304496
"Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде артка кадам ташташын күтүү пайдасыз"

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар  кеңешинин Түркияга санкция салуу  чечимине тышкы иштер министрлиги катуу каршы чыкты. 

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде эл аралык мыйзамга байланыштуу укуктарынын жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кызыкчылыктарынын коргоого алынары белгиленди. Түркиянын коркутууларга моюн сунуп, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги мыйзамдарынан артка кадам таштоосу  ойлоо пайдасыз экендиги баса белгиленген маалыматта бургулоо иштеринин улантылары билдирилди. 

Маалыматта Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар кеңешинин кечээ болгон жыйынында бул тууралуу чыгарган чечимдердин Түркиянын андан мурда берген маалыматынын эч биринин ордуна жетпегендигин көрсөткөндүгү белгиленип  : "Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы 2004 -  жылдан бери Чыгыш Жер Ортолук  деңиздеги карбонат булактарын араздашуунун эмес, ырааттуулуктун элементи болушу үчүн жакшы ниет менен аракет кылууда.  Бардык  оң абалдарды аткарган тарап болду. Кипр рум бөлүгү жана максималист позицияларына колдонгон Европа Биримдиги болсо бул процессте чындыктарды көрө албастан жана эл аралык мыйзам менен акыйкаттыкка ылайык чечим чыгара албай жатат",- деп билдирилди. 

Маалыматта бул сөздөргө орун берилди : "Өлкөбүз туруктуу ырааттуулук жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагында жашаган бардык адамдардын бейкуттугу үчүн эл аралык мыйзамдын негизги принциптеринин аткарылышы жана аймактагы кызматташууну колдоону улантат. Муну менен бирдикте андан мурда Кипр маселесинин чечилишине салым кошо турган тарапсыз актер болууну  узун убакыт мурда жоготкон Европа Биримдигинин Чыгыш Жер Ортолук деңизде да пайдалуу бир кыймыл кылышы мүмкүн болбой тургандыгы көрүнүүдө. Акыйкаттан да 2004 -  жылдан бери Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эгемендик жана мыйзамдуу укуктарына сый көрсөтүү чакырууларыбызга каршы мамиле кылган Европа Биримдигинин биз да ишти баштагандан кийин жакшы коңшулук принцибине сый көрсөтүлүшү керектигин айтышы жөнкөй айтканда ирониялуу". 

 

 

 



Тектеш кабарлар