"Кыран - 5" операциясы баштатылды
Операциянын ПККнын кышкы база куруу ишине киришине тоскоол болуу жана аймакта экендиги белгиленген террористтерди жок кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Ички иштер министрлиги Диярбакыр, Бингөл жана Муш элтетинде ПКК террордук уюмга каршы «Кыран - 5» операциясынын баштатылгандыгын билдирди.
Министрликтен берилген маалыматка караганда Диярбакыр - Муш - Бингөл жолундагы Шенйайла аймагында башталган операция Диярбакыр жана Тунжели жандармерия аймактык командирлиги тарабынан жикчил террордук уюм ПККнын кышкы база куруу ишине киришине тоскоол болуу жана аймакта экендиги белгиленген террористтерди жок кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Операция Диярбакыр, Бингөл жана Муш облустук жандармерия командирликтеринде кызмат кылган жандармерия десанттары, жандармерия атайын кыймыл, полициянын атайын кыймыл жана коопсуздук коргоочуларынан турган 2625 кызматкер, 179 операция бригадасы катышууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.