Ибрахим Калын : "Төрттүк саммит 3 - 4 - декарбда Лондондо өткөрүлөт"

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Түркия, Германия, Франция жана Британия төрттүк саммитинин Британиянын борбор шаары Лондондо 3 – 4 -  декабрдагы НАТО саммитинин негизинде өткөрүлүшү боюнча  макулдашкандарын билдирди.

1303094

Ибрахим Калындын жетекчилигиндеги делегация Стамбулдагы Мабейн сарайында Германия, Франция жана Британия делегациялары менен НАТО саммитинде лидерлер деңгээлинде боло турган төрттүк сүйлөшүүдөн мурда алдыңкы жыйын өткөрдү.

Калын өткөргөн пресс  - жыйынында Германия, Франция жана Британия лидерлеринин өкүлдөрү менен президент Р. Т. Эрдогандын НАТО саммитинин негизинде өткөрө турган төрттүк саммитинин күн тартибинин, НАТО саммитинде карала турган маселелердин Сирия тууралуу таштала турган кадамдардын каралгандыгын айтты.

Франциянын президенти Еммануэль Макрон Британиянын премьер  - министри Борис Жонсон жана Германиянын канцлери Ангела Меркелдин президент Эрдоганга «Тынчтык булагы» операциясынан кийин Сириядагы процессти карап чыгуу үчүн чакыруусу болгондугун эске салган Калын : «Лондондо 3 – 4 -  декабрда боло турган НАТО саммитинин негизинде бул төрттүк саммиттин өткөрүлүшүндө макулдашуу түзүлдү»,- деди.

Ибрахим Калын «Тынчтык булагы» операциясынын  Тель Абяд жана Расулайн аймагынан баштап Сириянын түндүгүндө Түркия  - Сирия чек арасында 30 километр ичкериде коопсуз аймактын курулушуна мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн, мунун да качкындардын кайтышы менен байланыштуу оң бир негиз түзгөндүгүн белгиледи.

Тектеш кабарлар