Түркиянын парламент төрагасы Жапонияда

Ханеда аэропортунда Мустафа Шентоп жана аны коштогон Парламент делегациясын Токиодогу элчи Хасан Мурат Мержан тосуп алды.

1299361
Түркиянын парламент төрагасы Жапонияда

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Чоң жыйырмалыктын (G-20) парламент башчыларынын саммитине катышуу үчүн Жапонияга барды.

Ханеда аэропортунда Мустафа Шентоп жана аны коштогон Парламент делегациясын Токиодогу элчи Хасан Мурат Мержан тосуп алды.

Эртең баштала турган Чоң жыйырмалыктын парламент башчыларынын саммитинде ар башка темаларда 3 отурум өтөт.

Саммитте Шентоп сөз сүйлөйт.

Парламент төрагасы айрыкча Чоң жыйырмалыктын парламент башчылары менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.



Тектеш кабарлар