Европа Парламентинин депутатына жаза берилди

«Тынчтык булагы» операциясына каршы чыгуу үчүн түрк депуттатары белек кылган локум кутусун жерге ыргыткан Европа Парламентинин депутаты Ангело Анджело Чокка жаза алды.

1294602
Европа Парламентинин депутатына жаза берилди
Angelo Ciocca ap lokum.jpg

Түркиянын түштүк чек арасында курулууга аракет кылынган террор коридорун жок кылуу, аймакка тынчтык жана бейкуттукту алып келүү максатында башталган «Тынчтык булагы» операциясына каршылык көрсөткөн, түрк депуттатары белек кылган локум кутусун жерге ыргыткан Европа Парламентинин депутаты Ангело Анджело Чокка жаза алды.

Европа Парламентинин спикери Дэвид Сассоли берген маалыматында ашыкча оңчул италиян Чокканын шаршемби күнү Европа Парламентинин Башкы Кеңешинде Түркия тууралуу өткөрүлгөн отурумда өткөн айда түрк депутаттары жолугушууда өзүнө белек кылган , Түркия Улуттук Парламентинин логотиби болгон локум кутусун жерге ыргытышынын кабыл алынгыс кыймыл экендигин баса белгиледи.

«Кабыл алынгыс жана агрессивдүү бир кыймыл. Жолдошторун жана мекемебизди сыйлабады. Саясий партиялардын жетекчилери менен сүйлөштүм. Мындан кийин парламентибиздин сыйын жана кадыр  - баркын тебелей турган эч бир мамилеге жол бербеймин»,- деген Сассоли Чоккага  5 күндүк мөөнөт менен Европа Парламентинин бардык иш чараларына катышпоо жазасынын берилгендигин билдирди. Сассоли 4 -  ноябрдан баштап иштей баштай турган бул жазанын Чоккага билдирилгендигин айтты.



Тектеш кабарлар