Түркия Эл аралык Мунапыс Уюмуна каршылык көрсөттү

Түркиянын Эл аралык Мунапыс Уюмуна каршылыгын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирди.

1291194
Түркия Эл аралык Мунапыс Уюмуна каршылык көрсөттү

Түркия Эл аралык Мунапыс Уюмунун «Тынчтык булагы» операциясы  тууралуу отчотундагы негизсиз айтымдарын толугу менен четке какканын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Сөз болгон негизсиз айтымдардын, Сириядан келип чыккан жана улуттук коопсуздугубузга кастык кылган террор коркунучуна каршы күрөшүүбүзгө каршы башталган каралоо акцияларынын бир бөлүгү катары карайбыз»,делди.

Анда, «Тынчтык булагы» операциясын жана Түркиянын улуттук коопсуздугун жана ошондой эле жүргүзгөн жикчил күн тартиби менен Сириянын жеринин бүтүндүгүн коркунучка салган терррдук уюм ЙПГ/ПККга каршы жүргүзүлгөн террор менен күрөшүү операциясы экени баса белгиленди.

Операциянын пландоо жана аткарылышында бир гана ПЙД/ЙПГ элементтери менен бул элементтерге таандык баш калкалоо, жашынуу, жайгашуу, курал, шайман жана ок-дарылар бутага алынганы баса белгиленген жарыяда, жарандардын жана жарандык инфраструктуранын зыянга учурабашы үчүн керектүү ар түрдүү чаралар ишке ашырыла турганы да белгиленди.

Билдирүүдө буларга орун берилди: «Операцияга колдоо көрсөткөн Сириянын улуттук армиясынын өз элементтери себеп болгону айтылган жарандык зыян тартууларды иликтөө үчүн Териштирүү комиссиясын түзгөнүн ушул себеп менен эске салууну туура көрдүк. ПЙД/ЙПГнын Европа Биримдиги жана НАТО тарабынан да террордук уюм деп кабыл алынган ПККга байланыштуулугу жана кылган кылмыштары кылдат документтештирилди. Эл аралык Мунапыс уюмун өзү менен кошо көз карандысыз эл аралык уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн бул иштерди кайрадан иликтөөгө чакырабыз».



Тектеш кабарлар