Мевлүт Чавушоглу : "Түркия чоң бир оюнду бузду"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу операцияга эң көп каршы чыккан өлкөлөрдүн Сирияны бөлүп, террор мамлекетин курууну жана Түркиянын ырааттуулугун бузууну каалагандыгын белгиледи.

1288209
Мевлүт Чавушоглу : "Түркия чоң бир оюнду бузду"

 Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында жүргүзүлгөн Тынчтык булагы  операциясына эң көп каршы чыккан өлкөлөрдүн Сирияны бөлүп, террор мамлекетин курууну жана Түркиянын ырааттуулугун бузууну каалагандыгын белгиледи.

Министр Чавушоглу кечээ Азербайжандын борбор шаары Бакуда Глобалдык журналисттер кеңеши тарабынан уюштурулган сый тамакка катышты. Бул жерде сөз сүйлөгөн Чавушоглу Тынчтык булагы операциясына токтолуп : «Түркияда, Сирияда жана Иракта күрт боордошторубуздун көпчүлүгү террордук уюмдун идеологиясын жактырбайт, тынчтык ичинде жашоону каалап жатат. ПКК террордук уюму менен күрттөрдү бир карабашыбыз керек. Эң көп каршы чыккан өлкөлөргө караганыбызда бул жерде Сирияны бөлүп  - жарып, террордук мамлекет куруу, Ирандын алдын тосуу, Түркиянын ырааттуулугун бузууну каалагандарын көрүп жатабыз. Муну ачык жана так айтып жатабыз. Франция жана башка өлкөлөрдүн бул жерде террордук мамлекет курууну каалагандыгын билебиз. Биз чоң бир оюнду бузганыбыз үчүн тынчсызданышууда. Тынчсызданышууда себеби биз террордук уюм менен күрөшүп жатабыз»,- деди.

Чавушоглу сөзүндө террор менен күрөшүп жатып адамзаттык темаларда да абдан жоопкерчилик менен мамиле кылышкандарын Евфрат калканы жана Зайтун бутагы операцияларында түрк аскеринин адамзаттык жоопкерчилигин бүткүл дүйнөнүн көргөндүгүн белгиледи.



Тектеш кабарлар