Тель-Абьяддын борбору толугу менен көзөмөлгө алынды

«Тынчтык булагы» операциясы алтынчы күнүндө ийгиликтүү уланып жатат.

1287310
Тель-Абьяддын борбору толугу менен көзөмөлгө алынды

Түркиянын түштүк чек арасында түзүлүүгө аракет кылынган террордук коридорго бөгөт болуу, аймакка тынчтык жана ырааттуулук алып келүү максатында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын түндүгүндөгү террордук уюмдар ЙПГ/ПКК жана ДЕАШка каршы башталган, Сирия улуттук армиясынын аскерлери колдоо көрсөткөн «Тынчтык булагы» операциясы алтынчы күнүндө ийгиликтүү уланып жатат.

«Тынчтык булагы» операциясынын алкагында Сирия улуттук армиясынын аскерлери, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККлык террористтер менен болгон катуу кагылышуулардан кийин райондун борборун толугу менен көзөмөлгө алышты.

Тель-Абьяд операцияда Рас-эль-Айндан кийин көзөмөлгө алынган экинчи аймак болду.

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК, Шанлыурфанын Акчакале районунун маңдайында жана Сирия жерлеринде орун алган Тель-Абьяд районун 2015-жылдын июнь айында АКШнын колдоосу менен басып алган болчу.

Бир тараптан «Тынчтык булагы» операциясында жок кылынган ЙПГ/ПККлык террористтердин саны 550гө жетти.

Улуттук коргоо министрлиги Твиттер баракчасынан: «Евфраттын чыгышында пландалгандай түрдө ийгиликтүү уланып жаткан «Тынчтык булагы» операциясында жок кылынган террористтердин жалпы саны 550гө жетти»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар