Калын: «Максатыбызга жеткенге дейре тыным жок»

«Тынчтык булагы» операциясы ийгиликтүү уланып жатат.

1287729
Калын: «Максатыбызга жеткенге дейре тыным жок»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын «Тынчтык булагы» операциясына байланыштуу: «Максатыбызга жеткенге дейре тыным жок»,- деп баа берди.

Ибрахим Калын Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө: «Мосул, Ракка жана Дэйр-эз-Зор жер менен жексен болуп жатканда жана миңдеген жаран каза болгондо үндөрүн чыгарбагандар, «Тынчтык булагы» операциясына карата дүрбөлөңгө түшүп "операцияны токтоткула" деп чакырык салып жатышат, Түркияны санкциялар менен коркутушууда. Максаттарыбызга жеткенге дейре тыным жок»,-деп айтты.

Түркиянын түштүк чек арасындагы террордук коридорго бөгөт болуу, аймакка тынчтык жана ырааттуулук алып келүү максатында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын түндүгүндөгү террордук уюмдар ЙПГ/ПКК жана ДЕАШка каршы башталган, Сирия улуттук армиясынын аскерлери колдоо көрсөткөн «Тынчтык булагы» операциясы алтынчы күнүндө ийгиликтүү уланып жатат.



Тектеш кабарлар