Эрдоган менен Трамп Сирия кризисин сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамп, Сирия кризисин телефон аркылуу сүйлөштү.

1282834
Эрдоган менен Трамп Сирия кризисин сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамп, Сирия кризисин телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башчылыгынын маалыматына караганда Эрдогандын Трамп менен болгон сүйлөшүүсүндө, эки тараптуу маселелер менен катар Сириядагы Евфрат дарыясынын чыгыш жагында түзүлүүсү пландалган коопсуз аймак туурасында пикир алмашты.

Телефондогу сүйлөшүүдө президент Эрдоган, Сирияда террордук уюмдар ПКК/ПЙД жана ДЕАШка каршы күрөшүүнү улантуу боюнча чечкиндүү турган Түркиянын, аймакта экинчи ушундай маселе чыкпашы үчүн ар түрдүү чараны көрө турганын баса белгилеп, АКШ аскер  жана коопсуздук бюрократиясынын эки өлкөнүн ортосунда камсыздалган меморандумдун талаптарын орундатпоосунан тынчсызданганын Трамп менен бөлүштү.

Сүйлөшүүдө эки лидердин АКШнын президенти Трамптын чакыруусу боюнча алдыбыздагы айда Вашингтондо сүйлөшүү өткөрүүгө чечим чыгарганы да билдирилди.

Бул тема тууралуу Ак үйдүн жарыясында болсо, «Түркия, жакынкы убакта Сириянын түндүгүнө көптөн бери пландалган операциясын баштайт. АКШнын куралдуу күчтөрү бул операцияны колдобойт же бул операцияга кошулбайт»,делди.



Тектеш кабарлар