Чавушоглу европалык жетекчилер менен качкындар маселесин сүйлөштү

Чавушоглу жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө, качкындар маселесин жана Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын да сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн тапкандарын айтты.

1281883
Чавушоглу европалык жетекчилер менен качкындар маселесин сүйлөштү

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа Биримдигинин качкындар темасында Түркия менен дагы иштиктүү кызматташууну каалаганын көргөндөрүн белгилеп, бирок айтылган убадардын да орундатылуусу керектигин билдирди.

Чавушоглу Европа Биримдигинин качкындар, ички иштер жана жарандар боюнча жооптуу мүчөсү Аврамопулос, Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер жана Парижде полицияга болгон кол салуунун себебинен Анкарага сапарын токтоткон Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастанерди өкүлдүк кылган Франциянын Анкарадагы элчиси Чарльз Фрис менен качкындар маселесин сүйлөшүү үчүн Европа Биримдигинин жетекчилигиндеги иш алып баруу тамагында жолугушту.

Чавушоглу жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө, качкындар маселесин жана Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын да сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн тапкандарын айтты.

Министр Чавушоглу: «Түркиянын аракеттери уланып жатканда Европа Биримдигинен эмне күткөндүгүбүздү билдирдик. Акыркы убактарда грек аралдарына өтүүлөрдө өсүү болгондон кийин Түркияга карай негизсиз айыптоолор да айтылды. Макрондун Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясына кайрылып жатканда бир суроо боюнча Түркияны күнөөлөөсү кабыл алынгыс абал. Мындай айыптоолордун ордуна маселени чогуу чечүүбүз керек»,-деди.

Акыркы убактарда Германия, Франция жана Англияда террордук уюм ПККга каршы айрым чаралар көрүлгөнүн эске салган Чавушоглу: «Бирок буларды жетиштүү деп эсептебейбиз. Жакшы башталыш бирок жетишсиз. Фетуллахчы террордук уюм (ФЕТӨ)  менен күрөшүүдө жетиштүү колдоо көрө алган жокпуз»,-деп айтты.

«Европа Биримдиги менен кызматташууну каалаганыбызды билдирдик»,- деген Чавушоглу жыйналыштын иштиктүү өткөнүн белгиледи.



Тектеш кабарлар