Афганстан түрктөрүнүн лидери Махдум каза болду

Афганстан түрктөрүнүн лидери жана мурунку депутат Абдүлкерим Махдум 77 жашында каза болду.

1278836
Афганстан түрктөрүнүн лидери Махдум каза болду

Афганстан түрктөрүнүн лидери жана мурунку депутат Абдүлкерим Махдум 77 жашында каза болду.

Абдүлкерим Махдумдун уулу Мухаммед Садик Махдум берген маалыматында узун убакыттан бери оорусуна байланыштуу Түркияда дарыланып жаткан атасынын кыска убакыт кайтып келген туулган жери Жүзжан аймагынын Кызылаяк айылында каза болгондугун белгиледи.

Махдумдун жаназасы айылындагы үй  - бүлө мазарына көмүлөт.

1942 -  жылы Афганстандын Жүзжан аймагына караштуу Кызылаяк айылында туулган Абдүлкерим Махдум 26 жашында депутат болгон.

Эки мезгил парламентте депутат болгон Махдум Афганстандагы мектептерде түрк тилинде билим берилиши жана Афган улуттук радиосунда түркмөн жана өзбек тилинде эки сааттан уктуруулардын берилишине мүмкүнчүлүк түздү.

Өлкөдө түрдүү түрк уруулары бир жерде жашаган «Эркин Түркстан» аттуу бир түрк партиясынын курулушуна жол башчылык кылган Махдум  1978 -  жылы Түркияда жашап калды. Махдум 1982 -  жылы 4 миң 200 түрк тектүү афган иммигранттын Түркияга келишине мүмкүнчүлүк түздү.

 



Тектеш кабарлар