Түркия Өзбекстанда алтын издөөнү ылдамдатат

Энергия жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Өзбекстанда алтын издөө иштерин ылдамдатышарын айтты.

1274857
Түркия Өзбекстанда алтын издөөнү  ылдамдатат

Энергия жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Өзбекстанда алтын издөө иштерин ылдамдатышарын айтты. Дөнмез Өзбекстанда Орто Азия Аймактык Экономикалык Кызматташуусунун энергия министрлеринин жыйынынан кийин Анадолу агенттигине маалымат берди.

Дөнмез Орто Азиянын жаратылыш булактарына бай аймак экендигин бирок кээ бир инфраструктуралык кемчиликтердин да бар экендигине токтолуп Түркиянын бул тууралуу абдан тажрыйбалуу экендигин жана тажрыйбаларын бөлүшүүгө даяр экендигин айтты.

Дөнмез өткөн жылы Өзбекстан геология жана минералдык булактар комитети менен Минералдык изилдөө жана чалгындоо боюнча башкы директорлук МТАнын ортосунда үч алтын жана вольфрам аянтынын изилденишине байланыштуу  келишимге кол коюлгандыгын эске салып,  бул аянттарда изилдөө иштеринин улантылып жаткандыгын билдирди.

Министр Дөнмез : «Өткөн айда абадан геофизикалык көрүнүштөр боюнча иштедик. Бизге бөлүнгөн 576 километр квадратка жакын минералдык аянттарда учуу менен маалыматтарды чогулттук. Буйруса аларды эң кыска убакыттын ичинде тобубуз карап чыгат жана жыйынтыгына жараша аянтта бургулоо иштерин баштайбыз. Өзбекстан алтын боюнча дүйнөдө эң бай өлкөлөрдүн бирөөсү жана  төртүнчү орунда турат. Бул тууралуу биздин да тажрыйбабыз бар. Мыкты бир кызматташуу менен Өзбекстандын жер астындагы булактарынын өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуусунда МТА олуттуу түрдө аракет кылат»,- деди.

МТАнын Суданда да кен издөө иштерин улантып жаткандыгын билдирген Дөнмез : «МТА Африка, Азия жана башка өлкөлөр менен жаратылыш булактары тууралуу Түркиянын тажрыйбаларын бөлүшөт»,- деди.  

 



Тектеш кабарлар