"Түркия бардык аймак үчүн маанилүү союздаш"

Америкалык Республикачыл сенатор Линдси Грэм Түркиянын бир гана Сирия эле эмес, бардык аймак үчүн абдан маанилүү союздаш экендигин айтты.

1274556
"Түркия бардык аймак үчүн маанилүү союздаш"

Америкалык Республикачыл сенатор Линдси Грэм Түркиянын бир гана Сирия эле эмес, бардык аймак үчүн абдан маанилүү союздаш экендигин айтты.

Түштүк Каролайндын сенатору Линдси Грэм  БУУнун 74 -  Жалпы Кеңешинин негизинде Нью – Йоркко барган президент Р. Т. Эрдоган менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуудан кыска убакыттан кийин маалымат берген Линдси Грэм Эрдоган менен Сириядагы абалдарды жана Ф  - 35 аскердик учак программасын карап чыгышкандарын билдирди. Жолугушуунун мыкты өткөндүгүн баса блгилеген Линдси Грэм : «Түркиянын Сириянын бүтүндүгү тууралуу өлкөнүн түндүк чыгышында ДЕАШка каршы жана Башар Асаддын аскердик жактан жеңишке жетишпеши үчүн берген жардамы баш тартылгыс эле. Эң негизгиси Түркия Идлибде жашаган 4 миллион кишинин кырылышына тоскоол болууда»,- деди.

Түркия менен стратегиялык байланыш куруудан үмүттүү экендигин белгилеген Грэм : «Түркиянын Ф  - 35 программасына кайтып келиши жана балким эркин соода келишиминин түзүлүшү абдан маанилүү. Түркия бир гана Сирия эле эмес, бардык аймак үчүн абдан маанилүү союздаш»,- деди.



Тектеш кабарлар