Ассосто эки миң эки жүз жылдык арстан айкел табылды

Ассосто эллендик мезгилге таандык эки миң эки жүз жылдык арстан айкели менен Чыгыш Рим мезгилинен калган бир миң беш жүз жылдык үч көздүү очок табылды.

1272882
Ассосто эки миң эки жүз жылдык  арстан айкел табылды

Чанаккаленин Айважык районуна караштуу Бехрамкале айылынын чектеринин ичиндеги байыркы доордун негизги порт шаарларынан Ассосто эллендик мезгилге таандык эки миң эки жүз жылдык арстан айкели менен Чыгыш Рим мезгилинен калган бир миң беш жүз жылдык үч көздүү очок табылды.

Байыркы доордо «Троас» деп аталган  аймактын түштүк жагында вулкандык бир дөңсөөнүн чокусу жана эңиштеринде Грециянын Мидилли аралынын маңдайына курулган шаар кылымдардан бери бир топ коомго үй ээлик кылды.

Америкалык археологдор 1800 -  жылдарда казуу иштерин жүргүзгөн алгачкы байыркы шаар Ассос узун убакыттан кийин 1981 – жылы кайрадан казыла баштады. Аймакта түрк илимпоздор тарабынан отуз сегиз жылдан бери казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Чанаккале он сегизинчи март университетинин археология бөлүмүнүн мугалими жана Ассос байыркы шаарынын казуу делегациясынын төрагасы профессор доктор Нуреттин Арслан казуу иштерин жүргүзө турган аянттардын бирөөсүнүн шаардын батыш некрополиндеги негизги каалганын дароо артындагы Византия мезгилине таандык курулуштар экендигин белгилеп : «Бул курулуштардын бири 'Xenodochion' деп аталат. Ал мезгилде кербен сарайы катары колдонулган курулуш болгон. Бул курулуштун ичиндеги казууларда башка бир мезгилге таандык бир арстан айкелинин бир бөлүгү табылды. Бул арстан айкели эллендик мезгилге таандык болушу керек бирок андан кийин Византия мезгилинде бир курулуштун ичинде экинчи бир курулуш материалы катары колдонулгандыгын билебиз»,- деди.

Арстан айкелинин биздин заманга чейинки 2 -  кылымдан калгандыгы тууралуу маалымат берген Арстан мунун да эки миң эки жүз жылдык тарыхынын бар экендигин көрсөткөндүгүн айтты.

Профессор доктор Арстан казуу иштерин жүргүзгөн башка бир аймактын агора болгондугун белгиледи. Агоранын батышындагы Византия курулуштарындагы казууларда да маанилүү бир табылганы табышкандарын белгилеген Арстан : «Курулуштардын бирөөсүнүн ичинде ал мезгилде тамак бышыруу очогу катары колдонулган жана үстүндө бир учурда үч идиште тамак бышырылган бир очок табылды. Бул очок албетте формасы жана жакшы корголгондуктан Византия доорундагы күнүмдүк турмушту чагылдырууда  абдан кызыктуу бир үлгү. Биздин замандын бешинчи кылымында башкача айтканда Византия мезгилине, 1500 жылга жакын тарыхка таандык»,- деди.



Тектеш кабарлар