Фуат Октай :"Чыгыш Жер Ортолук деңизде тынчтык жана ырааттуулукту жактоону улантабыз"

Вице  - президент Фуат Октай Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде тынчтык жана ырааттуулукту колдоону улантарын айтты.

1273134
Фуат Октай :"Чыгыш Жер Ортолук деңизде тынчтык жана ырааттуулукту жактоону улантабыз"

Вице  - президент Фуат Октай Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде тынчтык жана ырааттуулукту колдоону улантарын айтты.

Октай кечээ борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Туризм Кызматташуусу тууралуу иш чарада сүйлөгөн сөзүндө Кипр процесси кайрадан сөз боло баштаган бул күндөрдө Түркиянын мамилесинин так экендигин белгиледи. Октай : «Чечүүчү жол, туруктуу жана адилеттүү саясий теңдик. Биз үчүн эң негизгиси чечүүчү жол моделинин аты эмес, чечүүчү жолдун Кипр түрктөрүнүн саясий теңдигин жана чечим чыгаруу механизмдерине активдүү катышуусун, бейкуттук жана коопсуздугун кепилдикке ала турган түзөтүүлөрдү камтуусу» ,- деди.

Октай : «Чыгыш Жер Ортолук деңизде тынчтык жана ырааттуулукту жактоону улантабыз. Түркия Кипр түркүн эч качан жалгыз калтырган эмес, укук жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык аракетти көрсөттү. Кипр түркү ылайык болгон бейкуттук деңгээлине жетиши үчүн ушул күнгө чейин аткарган иштерибизди мындан кийин да улантып, чоң масштабдагы долбоорлорду турмушка ашырабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар