Дүйнөнүн эң мыкты балы сыйлыгы Түркияга берилди

Канаданын Монреаль шаарында 8 – 12 -сентябрь күндөрү өткөрүлгөн 46 -Дүйнөлүк арычылык конгрессинде Эгричайыр балы «Дүйнөнүн эң мыкты балы» сыйлыгына ылайык көрүлдү.

1268992
Дүйнөнүн эң мыкты балы сыйлыгы Түркияга берилди

Канаданын Монреаль шаарында 8 – 12 -сентябрь күндөрү өткөрүлгөн 46 -Дүйнөлүк арычылык конгрессинде Эгричайыр балы «Дүйнөнүн эң мыкты балы» сыйлыгына ылайык көрүлдү.

Конгресстин акыркы күнү өткөрүлгөн азем менен чоң сыйлыкты алган Эгричайыр балынын ээси Желал Чай берген маалыматында : «Мерсиндин Торос тоолорунда органикалык ары продукцияларын өндүргөн бир мекемебиз. Үй – бүлөбүздүн ары багуу салты 300 жылдан ашуун убакыттан бери чоң аталардан неберелерине өтүп келе жатат»,- деди.

Үй - бүлөнүн акыркы мууну катары азыркы күндүн шарттарында мыкты балды өндүрүү аракеттерин улантып жаткандыгын айткан Чай : «Эгричайыр балы катары 2009 -жылдан бери бал конкурстарына катышуудабыз. Органикалык балыбыз 2013 – жылы Украинанын борбор шаары Киевде чогулган дүйнөлүк арычылык уюму конгрессинин бал конгрессинде күмүш жана 2017 -жылы Стамбулдагы жыйында алтын медаль алды»,- деди.

Конгрессте түрк ары багуучулары менен бирге болгон Түркиянын Монреаль башкы консулу Баркан Умрук да алынган жыйынтыктын сыймыктантуучу экендигин белгилеп : «Төрт мезгилди бир арада жашаган жана бай бир флорияга ээ болгон өлкөбүздүн бул табигый мүмкүнчүлүктөрүн мыктыпайдаланган ары багуучуларыбыздын үзүрлүү эмгегинин акырында өлкөбүздөн бир фирманын 46 -Дүйнөлүк ары багуучулар конгрессинин негизинде өткөрүлгөн Дүйнөлүк ары багуучулар сыйлыгында алтын медаль алышы жана Дүйнөнүн эң мыкты балы тандалып чоң кубокко ылайык көрүлүшү биз үчүн чоң бакыт жана сыймык»,- деди.



Тектеш кабарлар