Түрк куралдуу күчтөрү Идлибге аскердик конвой жиберди

Идлиб араздашууну азайтуу аймагында Астана келишимдеринин негизинде түрк куралдуу күчтөрүнө таандык 12 ок атышпоону байкоо жери бар.

1268433
Түрк куралдуу күчтөрү Идлибге аскердик конвой жиберди

Түрк куралдуу күчтөрү Сирияда Идлиб араздашууну азайтуу аймагындагы байкоо жерлерине көп сандаган ок өткөрбөс унаа, аскерлерди ташуучу жана оор техникалардан турган аскердик конвой жиберди.

Идлиб араздашууну азайтуу аймагында Астана келишимдеринин негизинде түрк куралдуу күчтөрүнө таандык 12 ок атышпоону байкоо жери бар.

Сириянын түндүк батышындагы Идлиб облусу дээрлик жарандык согуштун башынан бери оппозициячылдардын чеби катары билинүүдө. Ички миграция менен калкынын саны 4 миллионго жеткен Идлибдин борбору 2015 -  жыл март айында оппозициячылдардын колуна өткөн. Идлиб режим эң көп бутага алган аймактардын башында турат.

Түркия менен Орусиянын ортосунда 2018 -  жылы 17 -  сентябрда кол коюлган макулдашуудан бери режим жана Орусиянын кол салууларында 1282 жаран каза болду алардын ичинен 219 аялдар, 341 балдар.

Идлиб араздашууну азайтуу аймагындагы миграция процессин иликтеген жана маалымат чогулткан Сирия Кийлигишүү Координаторлугунан алынган маалыматтарга караганда Түркия менен Орусиянын ортосунда 2018 -  жылы  17 -  сентябрда кол коюлган Идлиб макулдашуусунан бери аймакта 1 миллион 42 миң жаран жерлеринен кеткен.

 



Тектеш кабарлар