Улуттук чалгындоо уюму жана түрк куралдуу күчтөрүнүн операциясы
Жүргүзгөн орток операцияда Кандилдеги машыгуулар үчүн колдонулган имарат жардырылды.
Улуттук чалгындоо уюму жана түрк куралдуу күчтөрү 19 - августта ПКК жикчил террордук уюмдун Кандилдеги машыгуулары үчүн колдонулган бир имаратка биргеликте операция жүргүздү.
Улуттук чалгындоо уюму менен түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын Кандил аймагында жүргүзгөн орток операциясында жардырылган имараттын ичинде кызыл категорияда изделген ПКК/КЖК иш алып баруу кеңешинин мүчөсү «Пелшин Толхилдан» код аттуу Гүлүзар Турал менен уюмдун аялдар уюмунун жогорку чечим чыгаруу органы Иш алып баруу кеңешинин мүчөсү Жиян Гарзан код аттуу Салиха Кайтардын да бар экендиги белгиленди.
Туралдын ПККга 1993 - жылы кошулгандыгы, бир мезгил Эрзинжан - Тунжели аймагында иш алып баргандыгы жана машыккандыгы билдирилди.
Террорист Кайтардын Россияда иш алып баргандыгы, 2011 - жылы мартта Кандилге баргандыгы жана уюмдун схемасында ПКК/КЖКнын иш алып баруу кеңешинин ичинде орун алгандыгы маалымдалды.