Орток кургактык күзөтүүнүн 8 -  сентябрда башталышы пландалууда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар АКШ менен орток кургактык күзөтүн 8 -  сентябрда баштоону пландашкандарын жарыялады.

1265091
Орток кургактык күзөтүүнүн 8 -  сентябрда башталышы пландалууда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Сирияда коопсуз аймак тууралуу аткарылган иштерде бир кечигүүнүн болушуна чыдашпай тургандарын белгилеп, АКШ менен орток кургактык күзөтүн 8 -  сентябрда баштоону пландашкандарын жарыялады.

Сирия чек арасынын коопсуздугунан жооптуу бөлүктүн командирлери менен Малатияда өткөн эки сааттык жыйында жолугушкан Акар  аткарылган иштер тууралуу кенен брифинг алды жана жолдомолорду берди.

Бул жерде берген маалыматта Президент Р. Т. Эрдогандын жолдомолорунун негизинде Түркиянын түштүгүндө бир террордук коридорунун курулушуна уруксат беришпей тургандарын баса белгилеген Акар бул үчүн эмне аткарылышы керек болсо ишке ашырыларын айтты.

Сирияда АКШ менен коопсуз аймак тууралуу аткарылган иштерге да токтолгон Акар : «Орток кургактык күзөтүн  8 – сентябрда баштоону пландадык. Бул  жер тууралуу жалпы макулдашуу бар. Ушунун негизинде белгиленген иштердин билгилүү бир тизме  жана темпте аткарылышын күтүп жатабыз, бул тууралуу алдыга жылууну каалайбыз»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар