Орусия менен Түркиянын ортосунда рубль менен дан өткөрүү келишими түзүлдү

Орусиянын Бириккен дан кампаниясы Түркияга Орусиянын рубли менен дан өткөрөрүн билдирди.

1263814
Орусия менен Түркиянын ортосунда рубль менен дан өткөрүү келишими түзүлдү

Орусиянын Бириккен дан кампаниясы Түркияга Орусиянын рубли менен дан өткөрөрүн билдирди.

Борбору Орусия болгон Бириккен дан кампаниясынан берилген маалыматта фирмага караштуу Grain Export SAнын Түркияга 60 миң тонна дан өткөрүүгө карата тендерде жеңип чыккандыгы белгиленди.

Тендердин натыйжасында Орусия данынын 10 – 27 -  сентябрь күндөрү Мерсин портунда тапшырылары белгиленген маалыматта : «Түркия менен түзүлгөн келишим Орусиянын рубли менен түзүлдү. Төлөм үчүн улуттук акча бирдигинин тандалышы менен экономикалык ийкемдүүлүк болуп, курс рисктери азайтылды»,- деп билдирилди.

Түркияга рубль аркылуу дан өткөрүүдө биринчи эксперименталдык сыноо 2018 -  жылы октябрь айында жасалган.

Соода министри Рухсар Пекжан бир канча убакыт мурда берген маалыматында Орусия менен болгон соода карым – катнашында улуттук акча биримдигинин колдонулушун  арттырууну максат кылышкандарын айтты.



Тектеш кабарлар