Түркия Космос агенттигинин түзүлүүсү өлкөнүн 20 жылдык кыялдануусу болчу

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Түркиянын Космос агенттигинин алгачкы башкаруу кеңешинин жыйналышына жетекчилик кылды.

1263137
Түркия Космос агенттигинин түзүлүүсү өлкөнүн 20 жылдык кыялдануусу болчу

Түркия Космос агенттиги алгачкы жыйналышын борбор шаар Анкарада өткөрдү.

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Түркиянын Космос агенттигинин алгачкы башкаруу кеңешинин жыйналышына жетекчилик кылды.

Министр Варанк, жыйналышта чоң жана күчтүү Түркия жолунда космос тармагында иштерди жүргүзгөнүн белгилеп өттү.

Түркия Космос агенттигинин өлкөнүн 20 жылдык кыялдануусу болгонун баса белгилеген Варанк, агенттиктин «Улуттук технология, күчтүү өнөр жай» көз карашынын алкагында Түркиянын космос тармагында улуттук кызыкчылыктарын коргой турган иштерин аткара турганын билдирди.

Дүйнөнүн келечегинин космосто экенин айткан Варанк, агенттиктин түзүлүшүнүн Түркия үчүн сыймыктануу себеби болгонун белгиледи.

Варанк, агенттиктин күн тартибинде Улуттук космос программасы орун алганына көңүл буруп, Президенттикте түзүлгөн саясат кеңешмелери менен кеңешүү түрүндө программанын бүткөрүлө турганын айтты.

Варанк: «Космос агенттигинин Түркиянын космостогу келечегине багыт берген иштерди аткара турганына ишенемин»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар