Террор менен күрөшүү өлкө ичинде дагы тышында дагы чечкиндүү түрдө уланууда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Сириянын түндүгүндө террор тилкесинин курулуусуна уруксат бербей тургандарын дагы бир жолу баса белгиледи.

1262997
Террор менен күрөшүү өлкө ичинде дагы тышында дагы чечкиндүү түрдө уланууда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, террор менен күрөшүүнүн өлкө ичинде жана өлкө тышында чечкиндүүлүк менен уланганын айтты.

Акар, 2019-2020 Учуу билим берүүлөрү жылынын ачылыш аземине катышуу үчүн кечээ башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрү командири, армия генералы Үмит Дүндар, деңиз күчтөрү командири, армия адмиралы Аднан Өзбал жана аба күчтөрү командири, армия генералы Хасан Күчүкакйүз менен Измирдин Чигли районундагы 2-Башкы реактив база командирлигине барды.

Аземге тизилген аскерлерге салам бергенден кийин базадагы кызматкерлерге кайрылган министр Акар, Сириянын түндүгүндө террор тилкесинин курулуусуна уруксат бербей тургандарын дагы бир жолу баса белгиледи.

АКШ менен уланган Коопсуз аймак иштерине токтолгон министр Акар: «Бизге берилген убадалардын ишке ашуусун байкап жатабыз. Кандайдыр бир түрдө бизге берилген убадаларда кемчилик болсо, булар орундатылбаса, бул тууралуу Түрк куралдуу күчтөрүбүздүн,Түркия Республикасы мамлекетинин «В» планы да бар, «С» планы да бар. Аларды да ишке ашырууга даярбыз. Керек болсо урматтуу президентибиздин да айтканы сыяктуу өз киндигибизди өзүбүз кескидей абалдабыз»,-деди.

Сөзүндө террор менен күрөшүү операциялары туурасында да маалымат берген Акар: «Ирактын түндүгүндө, Сириянын түндүгүндө иш-аракеттерибиз бар. Ирактын түндүгүндө «Чеңгел-1», «Чеңгел-2», «Чеңгел-3» иш-аракеттери тыгыз түрдө уланууда. Ушул убакка дейре Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында бардыгы 700 чакты террорист жок кылынды»,-деди.

Аземден кийин министр Акар жана аба күчтөрү командири, армия генералы Хасан Күчүкакйүз, Т-38 реактив билимин берүүчү учак менен Эгей деңизинин үстүндөгү төрттүк күзөт учушуна катышты.


Этикеткалар: #террор , #Хулуси Акар

Тектеш кабарлар