Түркия сириялык карапайым калкка каалгасын ачып адамзаттын абийири болду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү париясынын Кония облустук башкармалыгы тарабынан уюштурулган аземде сүйлөгөн сөзүндө террор темасына токтолду.

1262070
Түркия сириялык карапайым калкка каалгасын ачып адамзаттын абийири болду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Евфраттын чыгыш жагындагы террордук уюктарды тазалоо боюнча чечкиндүү экендиктерин баса белгиледи.

Президент Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү париясынын Кония облустук башкармалыгы тарабынан уюштурулган аземде сүйлөгөн сөзүндө террор темасына токтолду.

Түркиянын сириялык карапайым калкка каалгасын ачып адамзаттын абийири болгонун, бүткүл дүйнөгө кечиримдүүлүк жана адамкерчилик сабагын бергенин баса белгилеген президент Эрдоган, Түркиянын «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» кыймылдарын кылбаганда түштүк чек арасын бойлой террор коридорунун пайда болушуна бөгөт болуу боюнча кыйынчылык тарта турганын айтты.

Бул эки кыймыл террордук топторго оор соккуларды ургандарын айткан Эрдоган: «Евфраттын чыгыш жагындагы террордук уюктарды тазалоо боюнча ччкиндүүбүз. Сирияда бул кадамдарды таштап жатканда берки коңшубуз Иракта да «Чеңгел» операциясы менен террористтердин ийиндеринин таш талканын чыгарабыз. Сирияда жана Ирактагы аянттарда аскердик күчүбүз арткан сайын ПККнын өлкөбүздөгү кыймыл кылуу жөндөмдүүлүгү азаюуда. Террордук уюмдан качкандардын жана багынып бергендердин саны абдан көбөйүүдө. Чек араларыбыздын ичинде коопсуздук бөлүктөрүбүз 365 күн бою, 12 ай 24 саат тынымсыз операциялык абалда. Куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттарыбыз террористтерди баш көтөрпөйт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар