Орусия Түркиянын улуттук учак өндүрүүсүнө колдоо көрсөтүүгө даяр
Бул туурасында Дмитрий Шугаев маалымат берди.
Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын башчысы Дмитрий Шугаев, Түркиянын бешинчи муундагы согуштук учагы TF-Xтин өндүрүмүнө колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин белгиледи.
Шугаев баш калаа Москвада уюштурулган «МАКС-2019» Эл аралык космос жана авиация жарманкесинин алкагында Орусия менен Түркиянын ортосундагы коргоо өнөр жайында кызматташуу темаларына баа берди.
Түркиянын улуттук учак өндүрүүсүнө колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин белгилеген Шугаев: «Түркияны учак моторлору жана электрондук аскердик жабдуулар менен камсыз кыла алабыз»,-деди.
Түркия тарабынан жүргүзүлгөн бешинчи муундагы TF-X согуштук учагы долбооруна токтолгон Шугаев: «Бул теманы коргоо өнөр жайы тармагындагы кызматташтыктын негизинде сүйлөшүүгө даярбыз. Өлкөлөрүбүздүн лидерлери да коргоо өнөр жайындагы кызматташуунун арттырылуусуна карата каалоолорун айтышты. Биз буга даярбыз»,-деди.
Орусия менен Түркиянын ортосунда СУ-35 жана СУ-57 учактарынын тапшырылышына байланыштуу да сүйлөшүүлөр өткөрүлгөнүн түшүндүргөн Шугаев: «Анкара бул учактарга чоң кызыгуу көрсөттү. Бирок келишим тууралуу маалымат берүү үчүн азырынча өтө эрте, расмий кайрылуу болгон жок. Түрк кесиптешим Исмаиль Демир менен бул темаларды сүйлөшөбүз»,-деп айтты.