Эрдоган менен Путин МАКС-2019га катышты
Эрдоган орус элин Түркиядагы иш-чарага чакырды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия менен Орусиянын ортосундагы соода көлөмүнүн 25 миллиард доллардан ашкандыгын, максаттарынын 100 миллиард доллар экенин айтты.
Эрдоган Орусиянын борбор шаары Москвада президент Владимир Путин менен бирге катышкан Эл аралык космос жана авиация жарманкесинин (MAKS 2019) ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
MAKS-2019ду өз тармагындагы лидер жарманкелердин бири катары эсептегендерин белгилеген Эрдоган: «Биздин дагы быйыл он төртүнчүсү өткөрүлгөн IDEF жарманкебиз бар. 14-22-сентябрь күндөрүнүн аралыгында өтө турчу TEKNOFEST иш-чарасына болсо 1 миллиондон ашуун кишинин катышаарын күтүп жатабыз. Урматтуу Путин менен катар баардык орус элин фестивалга чакырабыз»,-деди.
Түркия менен Орусиянын ортосундагы жылуу жана жакын диалог түптүү жана көп багыттуу кызматташтыкка негизделгенин айткан Эрдоган: «Быйылкы жылы орто эсеп менен 6 миллион орусиялык туристтин өлкөбүзгө келүүсүн күтүп жатабыз. Ортобуздагы соода көлөмү 25 миллиард доллардан ашты. Максатыбыз 100 миллиард доллар»,-деп билдирди.