Түркиянын Венесуэла боюнча билдирүүсү

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Түркия-Венесуэла карым-катнаштары туурасында акыркы күндөрдө чыккан айрым маалыматтар тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1255298
Түркиянын Венесуэла боюнча билдирүүсү

Түркия, Венесуэла менен карым-катнаштардын ички иштерине кийлигишпөө, мамлекеттик эгемендик укуктарына, элдин эркине жана демократияга урмат-сый көрсөтүү принциптери менен эки тараптуу кызыкчылыктарга таянганын жаярыялады.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Түркия-Венесуэла карым-катнаштары туурасында акыркы күндөрдө чыккан айрым маалыматтар тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Түркиянын Венесуэла менен карым-катнаштарынын ички иштерине кийлигишпөө, мамлекеттик эгемендик укуктарына, элдин эркине жана демократияга урмат-сый көрсөтүү принциптери менен эки тараптуу кызыкчылыктарга таянганын билдирген Аксой, Түркиянын мыйзамдуу өкмөттөр аралык жана конституциялык режимдерди кулатыш үчүн тышкы кийлигишүүгө, демократиялуу болбогон ыкмаларга кайрылуусуна жана бир беткей санкцияларды киргизүүсүнө каршы болгонун баса белгиледи.

Аксой: «Венесуэла тууралуу суроолорго туруктуу чечүүчү жолго баруучу жалгыз жолдун түшүнүктүү жана кеңири диалогдон өткөөрүн бүгүнкү күнгө дейре ар дайым баса белгиледик. Бир тараптан өзгөчө АКШнын Венесуэлага карай бир беткей кеңири санкцияларынын себебинен жеке менчик сектор жана мекемелер тарабынан чыгарылган айрым чечимдер соодалык тандоолор болуп, булардын Түркия-Венесуэланын эки тараптуу расмий карым-катнаштарынан көз карандысыз жүргүзүлөт.

Түркиянын Венесуэлага карай принциптүү турумунда кандайдыр бир өзгөрүү болбойт. Венесуэладагы учурдагы шайкеш келбөөлөргө туруктуу чечүүчү жол табылышын каалаган бардык тараптардын саясий диалог процессине колдоо көрсөтүүлөрүн улантуулары чоң мааниге ээ. Бул иш-аракеттер ички саясий талаштар жана күнүмдүк кызыкчылыктар үчүн садага чабылбашы керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар