Террористтер Африндеги база аймагына кол салышты

Кол салууда эки түрк аскери жараланды.

1250818
Террористтер Африндеги база аймагына кол салышты

 

Сириядагы Тель-Фырат аймагында, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга мүчө террористтер тарабынан Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык Африндеги база аймагына танка атуучу ракета менен кол салуусунан эки аскер жаракат алды.

Кол салуу болгон аймакта аныкталган буталар атылды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Тель-Фырат аймагынан террордук уюм ЙПГ/ПККга мүчө террористтер тарабынан Африндеги база аймагына карай танка атуучу ракета менен болгон кол салуунун себебинен эки баатыр аскерибиз жаракат алды. Кол салуу болгон аймакта аныкталган буталар атылды»,-делди.



Тектеш кабарлар