Бештепеде эскерүү аземи өткөрүлдү

Шейиттер үчүн Куран окулду.

1235966
Бештепеде эскерүү аземи өткөрүлдү
erdogan bestepe anma toreni2.jpg
erdogan bestepe anma toreni1.jpg

 

2016-жылдын 15-июлунда козголоңчуларга каршы дастан жазылган жерлердин бири да баш калаа Анкарада Бештепе району эле.

Ал дастандын үчүнчү жылында Президенттиктин комплексинде шейиттер үчүн эскерүү аземи өткөрүлдү.

Президент Эрдоган имараттын алдында өзүн күтүп турган 15-Июль шейиттеринин жакындары жана ардагерлер менен бир топко баарлашты, андан соң чогуу Шейиттер эстелигине басышты.

Эстеликке гүл койгон Эрдоган шейиттер үчүн дуба кылды.

Эрдоган жана аны коштогондор андан кийин Бештепедеги Миллет мечитинде уюштурулган аземге катышышты.

Президент Эрдоган бул жерде шейиттер үчүн Куран окуду. Дин иштери төрагасы Али Эрбаш да дуба кылды.

Миллет мечитиндеги программага Босния-Герцеговинанын элдер мажлисинин төрагасы Бакир Иззетбегович, вице-президент Фуат Октай, айрым министрлер менен Анкарадагы 15-Июль шейиттеринин жакындары, ардагерлер жана жарандар катышышты.  



Тектеш кабарлар