Түркиянын Тунжели облусунда 5 террорист жок кылынды
Тунжели облусунун Оважык районунда террористтерге карата операция жүргүзүлдү.
1233835
Тунжелиде ПКК террордук уюмунун мүчөсү 5 террорист жок кылынды.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда облустук жандармерия командирлиги тарабынан кечээ Тунжелинин Оважык элетинде абадан колдоо көрсөтүлгөн операция жүргүзүлдү. Операцияда 5 террорист жок кылынды.
Ошол эле учурда Тунжели губернаторлугунан берилген маалыматта да Оважык районунда кол салуу үчүн даярданып жаткан террористтерге карата облустук жандармерия командирлиги жана аба күчтөрүнүн колдоосу менен 5 террористтин жок кылынгандыгы эске салынып : «Аймакта операция улантылууда. Абал тууралуу коомчулукка маалымат берилет. Облусубузда террористтердин жок кылынышына карата операциялар чечкиндүүлүк менен улантылууда»,- деп билдирилди.