Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги бургулоо иштери мыйзамдуу

Түркия «Явуз» бургулоо кемесинин Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги аткарган иштеринин мыйзамдуу экендигин билдирди.

1233220
Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги бургулоо иштери мыйзамдуу

Түркия «Явуз» бургулоо кемесинин Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги аткарган иштеринин мыйзамдуу экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги бургулоо иштерине байланыштуу берилген маалыматта : «Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизде өз континенттик укуктарын коргогондой эле Кипр рум тарабы Кипр түрктөрүн суу тек булактары боюнча киреше бөлүшүү тууралуу чечим чыгаруу механизмдерине кошуп, укуктарын кепилдик астына алмайынча аралдын тегерегинде Кипр түрк калкынын укук жана кызыкчылыктарын коргоону улантат»,- деди.

Маалыматта ушунун алкагында «Явуз» бургулоо кемесинин аткарган иштерине мыйзамдуулукка таянган уруксатты берген Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мекемелери тарабынан берилген билдирүүлөрдүн да толугу менен колдоого алынгандыгы билдирилди.

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде эл аралык укукка ылайык аткарган иштери тууралуу айткан сөздөрүнүн да четке кагылгандыгы баса белгиленип : «Европанын эрке баласы деген сөз негизинен Грецияга таандык. Европанын тентек балсы болсо эл аралык мыйзамга тескери түрдө Европа Биримдигине мүчө болгон жана Греция менен бирдикте көптөгөн жылдардан бери Чыгыш Жер Ортолук деңизди ыраатсыздыкка жетелеген Түштүк Кипр Рум башкаруусу. Түштүк Кипр Рум башкаруусунун эл аралык укукка тескери түрдө толугу менен аралдын өкүлү, Европа Биримдигинин мүчөсү болушу  Кипр түрктөрүнүн мыйзамдуу укук жана кызыкчылыктарын ээлеп алуу укугун бербейт»,- деп билдирилди.

Бул түшүнүк менен Грециянын тышкы иштер министрлиги жана Европа Биримдигинин жетекчилери тарабынан билдирилген жана Түркиянын бул иштерин мыйзам тышы деп мүнөздөгөн билдирүүлөр четке кагылган маалыматта : «Ушундайча Европа Биримдигинин Кипр маселесинин чечилишине карата сүйлөшүү процессинде тарапсыз бир арачы ролун аткарбай тургандыгы ортого чыкты»,- деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар