Түркия менен Ирандын коопсуздук уюмдары меморандум түзүштү

Түркиянын коопсуздук башкы директору Желал Узункая, Ирандын борбор шаары Тегерандагы жолугушууларынын алкагында Ирандын полиция уюмунун командири, генерал Хүсейин Эштери менен жолукту.

1229361
Түркия менен Ирандын коопсуздук уюмдары меморандум түзүштү

Түркия менен Ирандын коопсуздук уюмдарынын ортосунда террордук уюмдар, баңги зат сатуу жана мыйзамсыз көч менен күрөшүү менен катар чек арадагы коопсуздуктун камсыздалышына карай меморандумга кол коюлду.

Түркиянын коопсуздук башкы директору Желал Узункая, Ирандын борбор шаары Тегерандагы жолугушууларынын алкагында Ирандын полиция уюмунун командири, генерал Хүсейин Эштери менен жолукту.

Эки өлкөнүн ортосундагы коопсуздук, террор менен күрөшүү жана чек арадагы мыйзамсыз өтүүлөр сыяктуу темалар каралган делегациялар аралык жолугушуулардын артынан Узункая жана Эштери, Түркия менен Ирандын ортосунда террор, баңги зат сатуу жана мыйзамсыз көч менен биргелешип күрөшүүнү көздөгөн меморандумга кол койду.

Кол коюу аземинен кийин маалымат берген коопсуздук башкы директору Узункая, Түркия менен Ирандын полициялык уюмдарынын ортосунда өтмүштөн бери уланып келген кызматташтыктын дагы илгериге жылдырылышы темасында макулдашкандарын жана муну протокол менен тастыктагандарын айтты.

Узункая: «Түркия жана Ирандын коопсуздук бөлүктөрү катары күчүбүздү, эркибизди, маалыматтарыбызды жана тажрыйбаларыбызды бөлүшүп бириктирген учурунда ар түрдүү орток маселелердин чечилишинде маанилүү кадамдарды таштай турганыбызга ишенебиз»,-деди.

Иран полиция уюмунун командири, генерал Эштери да, чек аралардын коопсуздугу, кылмышкерлердин кайтарлышы жана уюшкан кылмыштар менен күрөшүү темасында пайдалуу жолугушуу өткөргөндөрүн белгилеп, «Түркия жана Иран күчтүү полициялык түзүлүшкө ээ. Акыл эстүү түрдө кадам таштап жана актуалдуу технологиялык өнүгүүлөрдөн пайдаланып, коопсуздукту бузуучу ар түрдүү аракетке каршы турушат»,-деди.



Тектеш кабарлар